Жогорку Кеңештин депутаттары Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлүмү тууралуу иш боюнча ИИМдин башчысын чакырууну талап кылышууда. Мындай сунушту Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашова жана Гульшат Асылбашева билдиришти.
Дастан Бекешевдун пикиринде Айзада Канатбекова милиция кызматкерлеринин өз ишине болгон кайдыгерлигинин курмандыгы болду.
«Бул болуп өткөн ишти карап, керек болсо ички иштер министрин кызматтан кетирүү керек», — деди Бекешев.
Кыз ала качуу көйгөйүнө токтолгон депутат Наталья Никитенко буга чейин бул багыттагы өкмөттүн ишин карап, канаттандырарлык эмес баа берилгенин билдирди. "Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок, биз чара көрүшүбүз керек", — деди ал.
Эске салсак, 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылды. Милициянын маалыматы боюнча аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да кол салган.
Бүгүн Бишкек жана Ошто зомбулукка каршы митинг өтөт.