Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз байыган факт аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыштын негизинде Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясына карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Судьянын мыйзамдуу киреше булактары жок болгон. Бирок ага таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объектилер, атап айтканда 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын "алтын аянты" деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери аныкталган.
Учурда ага таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объектилерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.