Жаңылыктар
Айзаданы уурдаган жаран Замирбек өлөөр алдында апасына аудио билдирүү жөнөткөн
Кылмыш
Айзаданы уурдаган жаран Замирбек өлөөр алдында апасына аудио билдирүү жөнөткөн

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Ал арада кылмышка шектүү жаран өлөөр алдында жакындарына аудио билдирүү жөнөткөнү маалым болду.