Жаңылыктар
Улукбек Марипов никеге күчтөп туруу максатында кыз ала качуу кылмыш экендигин белгиледи
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов никеге күчтөп туруу максатында кыз ала качуу кылмыш экендигин белгиледи

Бишкекте кыздын уурдалып киши колдуу болгонуна байланыштуу премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. 

Марипов никеге күчтөп туруу максатында кыз ала качуу кылмыш экендигин белгиледи. “Сөзсүз түрдө жазага тартылышы керек. Бул адамдын жеке жашоосуна кийгилишүү жана аны актоого негиз жок. Адам катары, эркек жана ата катары дагы Айзаданын окуясын кайгыруу менен кабыл алдым. Бул биздин жалпы кайгыбыз”, - дейт ал. Премьер маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, күнөөлүүлөрдүн бардыгы адилеттүү жазага тартыларын билдирди. 

“Биргелешип иш алып баруу менен гана биз аялдардын негизги укуктарын басмырлоого каршы тура алабыз. Ала качуу - салт эмес, бул кылмыш, муну биз өлкөбүздүн ар бир адамына жеткиришибиз керек”, - деди Марипов.