Жаңылыктар
Өлүм менен коштолгон ала качуу. Милиция маркумдун жакындарынан жана коомчулуктан кечирим сурады
Кыргызстан жаңылыктары
Өлүм менен коштолгон ала качуу. Милиция маркумдун жакындарынан жана коомчулуктан кечирим сурады

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев топ жигиттер тарабынан уурдалып, кийин киши колдуу болуп сөөгү табылган Айзада Канатбекованы милиция өз убагында таба албаганы үчүн маркумдун жакындарынан жана коомчулуктан кечирим сурады. 

Бул кылмышка шектүү башка жарандар изделип жатканын жана кармалып сөзсүз жазасын аларына убада берди. 27 жаштагы кыз менен 31 жаштагы жигиттин сөөгү Арашан айылына жакын жердеги талаада токтоп турган унаанын ичинен табылган. 

Учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Болжолдуу айтылган маалыматтарга таянсак, кылмышка шектүү жаран Айзада Канатбекованы алгач муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайган.