Жаңылыктар
Бишкекте мектептер 12-13-апрель күндөрү убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мектептер 12-13-апрель күндөрү убактылуу жабылат

Бишкекте мектептер 12-13-апрель күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди. 

Айтымында, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү учурунда мектептерди эки күнгө жабуу чечими кабыл алынган. Шайлоо өткөн соң 12-13-апрель күндөрү санитардык күн жарыяланып, мектептер тазаланат. Ал эми шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 8-апрелден 14-апрелге чейин жабылат. Андан кийин балдар бакчага бара баштайт. 

Эске салсак, буга чейин мэрия борбор калаадагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтө турганын билдирген.