Жаңылыктар
Бишкектин мектептериндеги окуу процесс балдардын саламаттыгына көз каранды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин мектептериндеги окуу процесс балдардын саламаттыгына көз каранды

Бишкек шаарында окуу процесси мурунку тартипте уланат. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди. 

Айтымында, мектептин 6, 7, 8-класстарынын окуучулары гана онлайн окушат. Калгандары салттуу түрдө билим алышат. 11-апрелдеги шайлоого карата 14 бала бакчада шайлоо тилкеси түзүлгөн. Буга байланыштуу бала бакчалар 14-апрелге чейин жабылат. 

Ошондой эле мектептерде дагы окуу 14-апрелде башталат. Эгерде мектеп окуучусунан коронавирус катталса, анда ал окуган класс онлайн режимине өтөт. Кошумчалай кетсек, Бишкек шаары боюнча 11 мугалим жана 22 окуучудан коронавирус табылган.