Жаңылыктар
Бишкекте Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү дагы бир жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү дагы бир жаран кармалды

Бишкекте Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы (З.Р.) шектүү катары колго түшүрүлүп, шаардык милициянын убактылуу кармоочуна жайына киргизилди.

Буга чейин 29 жаштагы (Р.А.) шектүү кармалып, убактылуу кармоочуна жайга киргизилген. Милициянын ыкчам кызматкерлери кызды уурдоого катышкан бул эки адам тууралуу маалыматтарды аныктаган. 

Белгилей кетсек, 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылды. Милициянын маалыматы боюнча аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да кол салган.