Кыргызстан менен Венгрия өз ара алаканы арттырууга кызыкдар. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда кызматташтыкка байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Эми эки өлкөнүн мамилесин ар тараптан өнүктүрүп, буга чейинки байланыштарды ого бетер чыңдоо үчүн атайын жол картасы даярдалат.