Айзаданын өлүмү - бул чоң трагедия, ал көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү ачыктады. Бул туурасында Премьер-министр Улукбек Марипов укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн кеңешмеде билдирди.
«Кыздын өлүмү үчүн жоопкерчилик ар бирибизде жатат. Айрым милиция кызматкерлеринин ишке болгон шалаакы мамилеси жарандардын укук коргоо органдарынын ишине болгон ишенимине доо кетириүүдө. Жарандар өзүн коопсуз сезиши керек, бирок жаш кызды күндүз алып качып, өлтүрүүгө барып жатса, кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылса болот», - деди премьер-министр. Улукбек Марипов кыска мөөнөттүн ичинде - никеге тургузуу максатында кыздарды ала качуу үчүн кылмыш жазасын катаалдантуу тууралуу сунуш киргизүүнү тапшырды.