Жаңылыктар
Жалал-Абад шаары алдыдагы шайлоого даяр
Шайлоо 2023
Жалал-Абад шаары алдыдагы шайлоого даяр

11-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоолор жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өтөт. Ага карата жер-жерлерде даярдык иштери көрүлүүдө. Жалал-Абад шаарында шайлоо тилкелери негизинен даяр. Ар бир участкага таратылган автоматтык эсептегич урналарды адистер техникалык кароодон өткөрүп жатышат.

Жалал-Абад шаарындагы №2103 шайлоо тилкеси 11-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча жалпы элдик добуш берүүгө даяр. Адистер автоматтык эсептегич урналардын иштешин текшерүүдөн өткөрүүдө. Аталган шайлоо тилкесинде 2 миң 535 жаран жергиликтүү кеңешке, ал эми 2 миң 510 шайлоочу референдумга добуш берет. 

11-апрель күнү Жалал-Абад шаары боюнча 25 шайлоо тилкеси иштейт. БШК тарабынан бюллетендер келген. Аймактык шайлоо комиссиясы аны эсептеп чыгып, бюллетендерди шайлоо тилкелерине таркатат.

Жергиликтүү кеңешке шайлоо жана референдумду өткөрүү мыйзамына ылайык, өзгөчө категория камтылат. Добуш берүү күнү шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар участкадан тышкары добуш берет. Аймактык шайлоо комиссиясына ал боюнча арыздар келип түшкөн.

Жалал-Абад шаардык кеңешине 5 партия ат салышууда. Жалпы талапкердин саны 293тү түзөт. Шаардык кеңешке 31 депутат тандалыш керек. Калаа боюнча шалоочулардын саны 50 миңден ашат.