Жаңылыктар
Ош шаарында каралбай калган эс алуу жайы этно жайга айланат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында каралбай калган эс алуу жайы этно жайга айланат

Кечээ,  Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ленин көчөсүндөгү “Достук” эс алуу багындагы курулуш иштери менен таанышып келди. Көп жылдан бери каралбай калган эс алуу жайы эми каада-салт, үрп-адаттарды өзүнө камтыган этно жайга айланат.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытын колго алуу менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү үчүн жеке ишкерлерди инвестор катары тартып, аларга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экендигин билдирди. Достук эс алуу жайы шаардын көркүнө дагы салып кошот деп кошумчалады.

Жеке ишкер Санжар Толубаев эс алуу жайында боз үйлөр, музыканын коштоосунда “бийлөөчү” оргумалар, LED экрандары коюлуп, шаар тургундары үчүн атайын отургучтар менен кооздолот деди. Ошондой эле, этно стилиниде болгондуктан улуттук музыкалар коюлуп, тамактануучу жайларда утуттук тамак-аштар боло тургандыгын билдирди. Долбоор үч айдын ичинде бүтүп, шаардагы кооз эс алуу жайларынын катарын толуктайт.

Маалым болгондой, 5 жылга ижарага берилген жай жергиликтүү бюджетке жылына 1 млн сом которот.