Алай районунун Гүлчө айылындагы турак үйдө өрт чыгып, 56 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, өрт 8-апрель күнү түшкө маал болгон. Саат 13:33дө Гүлчө айылындагы борбордук базардын артында жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ кызматкерлери кырсык болгон жерге он мүнөткө жетпей барып, тилсиз жоону чектөөгө алган, - деп айтылат билдирүүдө.
Кийин үйдүн ичинен эркек кишинин сөөгү табылып, куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн Алай райондук милициясына өткөрүп берген.Тилсиз жоо 103 чарчы метрге жайылган. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.