Жаңылыктар
Бишкекте 18 жаштагы Альбина Бапиева изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 18 жаштагы Альбина Бапиева изделүүдө

Бишкек шаарында 18 жаштагы Альбина Бапиева изделип жатканын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Милицияга кызды таап берүүгө жардам сурап эжеси кайрылган

Анын айтымында, Альбина 8-апрелде, саат 8:00дер чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча кайтып келген эмес. Белгилери: бою 165 сантиметр, арыкчырай, чачы ачык күрөң. Кызыл куртка, джинсы шым, кара түстөгү бут кийим кийип, кара рюкзак асынып жүргөн. 

Милиция Альбина Бапиева тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо (0553) 102-189, (0500) 09-99-00, (0312) 54-41-84 жана 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.