Жаңылыктар
Бишкек шаарында эң чоң калкты тейлөө борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында эң чоң калкты тейлөө борбору ачылды

Ибраимов-Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордо күн сайын түнкү онго чейин жарандарга кызмат көрсөтүлөт. Анда жарандар Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бериле турган отуздан ашык документтерди алса болот. 

Мындан сырткары нотариалдык кызмат көрсөтүлүп, юридикалык кеңештер берилет. Мекеменин ачылышына Өкмөт башчы Улукбек Марипов катышып, мындай калкты тейлөө борборлору өлкөнүн ар бир районунда ачыла турганын билдирди.