Статистика көрсөткөндөй, коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын көбү борбор калаада катталууда. Көпчүлүк санитардык эрежелерди толук сактабай, КОВИДге чалдыккан бейтаптардын саны өсүүдө.
Өзгөчө коомдук транспортто абал оор, маршруттук унааларга жүргүнчүлөр көп түшүп, айрымдары жөнөкөй эрежени сакталбай бет капсыз жүрөт.
Оорунун алдын алу максатында Бишкек шаарындагы ар бир райондо мобилдүү топтор иш алып барууда. Транспорт тармагынын адистери, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспектор жана санитардык дарыгерлерден турган топ шаарды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Эгер айдоочу бет капсыз унаа башкарса же антисептиги жок болсо ага миң сом айып салынат. Мындай иш-аракет февраль айында башталган.