Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аттестациядан өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аттестациядан өтүүдө

Сынакты министрликтин Бишкек шаарындагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тапшырууда. Максат аскер кызматкерлеринин жана өрт өчүрүүчүлөрдүн иш тажырыйбасын ошондой эле билим деңгээлин жогорулатуу жана баалоо. 

Сынак 3 баскычтан турат. Бул теориялык, практикалык жана физикалык даярдык. Аттестацияны мыкты тапшырган кызматкерлер мындан ары кадрлар резервине алынып кызматынан жогорулатууга сунушталат.