Жаңылыктар
Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Эки өлкө ортосундагы саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. 

Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен салттуу достук байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Садыр Жапаров саясий диалогду жогорку деңгээлде колдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз тарап Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин расмий сапар менен келерин күтүп жаткандыгын айтты. Ал Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары олуттуу, бирок ишке аша элек потенциалга ээ экономикалык кызматташтыкты диверсификациялоону атады. 

Кырдаалды оңдоп кетүү үчүн Мамлекет башчысы 2021-жылы Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү, бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн иш сапарларын уюштуруу, ошондой эле өз ара пайдалуу экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен эки өлкө ортосундагы соода- экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнү сунуш кылды. Жапаров азербайжан тарапка эки долбоорду - Бишкек шаарындагы Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектептин курулушун ишке ашырууга каржылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Азербайжан башчысынын Кыргызстанга боло турган алдыдагы иш сапарына карата аталган курулуштар аяктаарын кошумчалады. Ал «Баку-Бишкек» түз аба каттамын калыбына келтирүү маселесине токтолуп, бул маселенин оң жагына чечүүнү караштырып, тездетүүнү сунуш кылды. Элчи Гидаят Оруджев Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин Садыр Жапаровго жолдогон саламын айтып, анын жетекчилиги астында өлкөлөр ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары тереңдейт деген бекем ишенимин билдирди.