Жаңылыктар
Ак халатчандардын айлыгы канчага көбөйдү?
Кыргызстан жаңылыктары
Ак халатчандардын айлыгы канчага көбөйдү?

Биринчи апрелден тарта үй бүлөлүк дарыгерлердин эмгек маянасы жүз пайызга жогорулады. Ал эми 1-июлдан бардык медицина кызматкерлеринин айлыгы элүү пайызга жогорулайт. Ошондой эле техникалык жана башка персоналдын маянасы да кырк пайызга көбөйөт. 

Дарыгерлердин айлыгын көбөйтүү маселеси президенттин саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аткарылды. Ага ылайык ак халатчандардын маянасы эки этап менен жогорулайт.