Талас облусу боюнча 11-апрель жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумда 117 шайлоо участкасы иштейт. Учурда шайлоо тилкелеринде акыркы даярдыктар көрүлүп, автоматтык добуш эсептөөчү урналар тесттик режимде сыналып жатат. Талас жергесиндеги шайлоо жана референдумга карата даярдыктар менен аймактык кабарчыбыз таанышкан.