Кыргызстандын бизнес акыйкатчы институту өлкөдө иш алып барган инвестициялык компаниянын ишин кайрадан жандантууга жардам берди. Буга чейин ишкананын иши укук коргоо органдарынын текшерүүсүнөн жаралган чуудан улам токтоп калган.
Негизи эле өлкөдө ишкерлерди колдоо жана коргоого багытталган көп иш-чаралар болгону менен, мыйзамсыз текшерүү, ишкерлерге болгон басым дагы деле көп экенин адистер айтышат. Бизнести коргоо боюнча буга чейин президенттин да атайын жарлыгы чыккан.