Жаңылыктар
Кыргызстанда тигүү тармагы колдоого муктаж‬
Экономика
Кыргызстанда тигүү тармагы колдоого муктаж‬

Кыргызстанда тигүү тармагы - жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда айыл чарбадан кийинки орунда турат. Акыркы 20 жылда текстиль тармагы өлкө экономикасынын негизги 5 тармагынын бири болду. 

Пандемияга чейин Кыргызстанда тигилген кийим-кечектин экспорт көлөмү боюнча алтын жана айыл чарба азыктарынан кийинки катарда болуп келсе, ушул тапта өндүрүштөн чыккан продукцияны сатуу 50% га төмөндөдү. Социалдык көйгөйлөрдүн чечилишин шарттап, экономиканы көтөрө турган тармак ушул тапта чоң көйгөйдү башынан кечирүүдө.