Жаңы окуу жылында Бишкек шаарындагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары жаңы корпуста окуй башташат. Учурда мектептин аймагына салынып жаткан кошумча окуу имаратынын курулушу дээрлик 70 пайызга аяктап калды. Азыркы тапта курулушту жүргүзүп жаткан компания имараттын ички жасалгаларын аткарып жатат.
Мектептин курулушу былтыр январь айында башталган. 375 орунга ылайыкталган жаңы окуу корпусунда спорт зал, ашкана, жыйын өтө турчу залдары менен заманбап класстар болот. Ошондой эл эле керектүү жабдыктар жана эмеректер менен камсыздалат.