Нарын районунун Кеңеш айылына салынып жаткан жаңы мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Учурда мектептин курулушу 80 пайызга аяктап калды. Каражат мамлекеттен бөлүнүп, курулуш жумуштары кышы менен токтогон жок.
Ал эми айылдагы эски мектеп авариялык абалда болгондуктан кооптуу делип, билим алуга тыюу салынган. Анын кесепетинен эки жыл мурда балдар контейнерде окууга да аргасыз болушкан. Эми айылга 150 орундуу заманбап мектеп салынып, көпкө күттүргөн эл мүдөөсү орундалганы турат.