Жаңылыктар
Күч түзүмүндөгү реформалар жыл аягына чейин жүргүзүлүп бүтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Күч түзүмүндөгү реформалар жыл аягына чейин жүргүзүлүп бүтөт

Укук коргоо органдарынын түзүмүн реформалоого багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Коргоо кеңешинин жумуш тобу түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров маалымат жыйында билдирди. Жумуш топ өлкөнүн күч түзүмүндө жүргүзүлө турган реформалардын алкагында тартип органдарынын укук-милдеттерин жакынкы арада аныктап чыгып, кабыл алынган чечимдерди Коргоо кеңешинин кийинки жыйынына алып чыкмакчы. 

Коргоо кеңешинин жумуш тобу укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө Президенттин жарлыгынын негизинде түзүлдү. 4-июлда коргоо кеңешинин жыйыны өтүп, анда күч түзүмдөрүнүн азыркы абалы сынга алынып, коомчулуктун жана улуттун коопсуздугун камсыздоо жетиштүү эмес, алардын коррупцияга батып, кылмыштуулукту алдын алуу, ага бөгөт коюу боюнча милдеттер натыйжалуу аткарылбай жатканы айтылган. Мындан улам укук коргоо органдарында олуттуу реформаларды жүргүзүү чечими кабыл алынган.



Жумуш топ мындан ары ар эки апта сайын жыйын куруп, кабыл алынган чечимдерди Коргоо кеңешинин кийинки жыйынына алып чыгат. Реформалар 2016-жылдын аягына чейин жүргүзүлүп, тартип коргоо органдары кийинки жылдан тартып жаңыланган курамда иш башташы керек дейт Жумакадыров. Ошондой эле реформаларда кадрдык курам, укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасы сакталып калат.

Күч түзүмдөрүндө жүргүзүлө турган реформалар укук коргоо органдарындагы кадрдык курамга жана материалдык-техникалык базасына эч кандай таасирин тийгизбейт. Жумуштар негизинен укук коргоо мекемелерин оптимизациялоо багытында болот. Маселен кайсы күч органына канча сандагы кызматкерлер керек болсо, ошого жараша штаттар түзүлөт, ал эми ордунан бошогон кызматкерлер башка мамлекеттик мекемелерге которулат.
Коргоо кеңешинин жумуш тобунун алдында азыр укук коргоо органдарынын белгиленген функцияларын бири-бирине өткөрүү турат. Ал эми буга багытталган укуктук-нормативдик актыларга өзгөртүү, толуктоолорду киргизип, бир калыпка салуу парламенттин мойнунда. Жумуш топ ар эки апта сайын өзүнүн жыйынын өткөрүп, кабыл алынган чечимдерди коргоо кенешинин кезектеги жыйынына алып чыгат.

Коргоо кеңешинин жумуш тобуна учурда жети киши кирди. Иштин жүрүшүндө зарылчылыкка ылайык мамлекеттик мекемелерден, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга мүмкүнчүлүк бар. Жумуш топ биринчи жыйынын ушул айдын ичинде өткөрөт. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118