Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын аймагына кирүүдө айрым талаптар киргизилди. Эми транзиттик аба каттамдары аркылуу учкандардын колунда кагаз жүзүндөгү себеби болушу кажет.
Россия мындай талаптар жарандарды коронавирустан коргоо максатында киргизилгенин билдирди. Азыркы тапта билеттин баасы кымбат болуп мекендештерге түйшүк жаратууда. Учурда каттамдардын санын көбөйтүп, билет баасын арзандатуу аракети жүрүп жатат.