Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү маселеси боюнча республикалык штабдын call-борбору эки күн иш алып барат.
Штабдын милдеттеринин бирине шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле шайлоочуларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо маселесин түшүндүрүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка маселелер кирет.
10-11-апрель күндөрү ар бир шайлоочу «түз байланышка» чыгып, электр энергиясынын, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан санитардык нормаларга ылайык эрежелердин сакталбай жаткандыгы тууралуу кайрыла алышат. Ал үчүн жарандар 0312 66-28-46, 66-40-13, 96-03-38, 96-02-87 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.