Жаңылыктар
Нарында өткөрүлгөн «Кыргыз шырдагы» республикалык фестивалы аяктады
Маданият
Нарында өткөрүлгөн  «Кыргыз шырдагы» республикалык фестивалы аяктады

Ат-Башы районунда өткөн «Кыргыз шырдагы» республикалык фестивалы аяктады. Бир гана жергиликтүү элдин эмес, чет өлкөлүк туристтердин да көңүлүн бурган бул ири маданий иш-чарада кол өнөрчүлөрдүн эмгектери даңазаланды. 

Ат-Башы районундагы «Большевик» айылынын тургуну Рахатбек Үсөнкожоев мындан алты жыл мурунку кырсыктын айынан буту баспай калган. Бирок, ал мүгдүрөп калбастан, тескерисинче күндүр-түндүр эмгек менен алек. Азыр анын колунан жаралган булгаары буюмдары өз айылында жакшы белгилүү. Ал эми каарманыбыздын 6-жолу өткөрүлүп жаткан «Кыргыз шырдагы» фестивалына катышып жатышы ал үчүн чоң олжо.

Ал эми Ханзаада Хасанова менен Тойгонбай кызы Алтынай бала кезинен эле сайма сайып, оюу оюуп - узчулук өнөрдү кадырэсе өздөштүрүп алышкан. Андыктан, фестивалдын чектеринде уюштурулган мастер класста алардын чеберчиликтери башкаларга үлгү катары көрсөтүлдү.
Мына ушундай уздар менен кол өнөрчүлөрдүн башын кошкон фестивалды өткөрүүгө Маданият министрлиги өзгөчө маани берип, каржылаган. Бул жолку байге фонду 350 миң сом болду. Уздар менен кол өнөрчүлөрдү материалдык жактан кызыктыруу күз айларында өтүүчү бүткүл дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюндарында да улантылмакчы.

Чынында эле ар жылдын жай айларында Ат башы жергесинде өткөрүп туруу жакшы салтка айланган «Кыргыз шырдагы» фестивалы алдыдагы бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктардын ири этабынан болуп калды.
6-жолу өткөрүлүп жаткан «Кыргыз шырдагы» фестивалына баш-аягы көз жоосун алган мына мобундай шырдактардын мищге жакыны коюлду. Бирок тилекке каршы, бул жолку маданий иш-чарага башка облустардан уздар, кол өнөрчүлөр келбегендиктен, байгелерди тещир тоолук уздар жана кол өнөрчүлөр талашты. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118