Жаңылыктар
Пригородное айылында эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өттү
Спорт
Пригородное айылында эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өттү

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Пригородное айылында өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган турнир жаңы салынган спорттук залда өткөрүлдү.

Пригородное айылынын айыл өкмөт башчысы Бакыт Шеримбеков спортчуларга ийгилик каалап, бул мелдеш жаштарды спортко чакыруу жана дени сак жашоого үндөө максатында өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле, мындан ары да спорттук мелдештер байма-бай өтүп тураарын кошумчалады.  

Жеңүүчүлөр атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.