Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү
Чек ара
Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. 

Жыйында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча 25-мартта Ташкент шаарында кол коюлган Протокол талкууга алынды. 

Ташиев белгилегендей, Протоколдо көрсөтүлгөн бардык чечимдер эки өлкөнүн мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынган. Эми мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары аталган протокол боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын күчтөндүрүүсү зарыл.