Жаңылыктар
1-июлдан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
1-июлдан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт

1-июлдан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Тийиштүү токтомго Премьер-министрУлукбек Марипов кол койду. 

Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды. 

1-июлдан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, “Улуттук” статусуна, же “академиялык” наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20%га көтөрүлдү. Мурда Өкмөттүн чечими менен “Улуттук” статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80%га көтөрүлгөн. 

Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га жогорулатуу каралган.