Жаңылыктар
Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу 44 милиция кызматкерине чара көрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу 44 милиция кызматкерине чара көрүлдү

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу 44 милиция кызматкерине чара көрүлдү. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев, анын орун басары Эрлан Атантаев, шаардык милициянын тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Казакеев баштаган кызмат адамдары иштен алынды. 

Ошондой эле эскертүү, катуу сөгүш алгандар да бар. Министрдин башка буйругу менен шаардык милиция башчылыгына жана башка кызматтарга башка адамдар дайындалды.