Жаңылыктар
Улукбек Марипов авиабилеттерге бааны төмөндөтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов авиабилеттерге бааны төмөндөтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Улукбек Марипов авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана «COVIDсиз саякатта» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Көрсөтүлгөн маселелер боюнча бир катар мамлекеттик ведомстволордун ишинин натыйжалуулугу төмөн болуп жаткандыгы белгиленди. 

Ошондой эле ал Өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, үзгүлтүксүз авиакаттамдардын санын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын айтты. 

«Азырынча бул маселелер толук кандуу чечиле элек болгондуктан, катардагы жарандардын жашоосун жеңилдетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. «COVIDсиз саякатта» долбоору ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тургундарынын жүрүү кыймылын жеңилдетүүгө багытталган, мында учурдагы талаптардын сакталышы камсыздалат», - деп белгиледи Өкмөт башчы. 

Ал тийиштүү анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана үзгүлтүксүз авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды, ошол эле учурда аталган маселе Өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын белгиледи.