Жаңылыктар
Кыргызстандагы лабораториялар заманбап жабдуулар менен жабдылат
Экономика
 Кыргызстандагы лабораториялар заманбап жабдуулар менен жабдылат

Кыргызстандагы лабораториялар заманбап жабдуулар менен жабдылат. Бул үчүн Орусиядан төрт миллион 700 миң долларлык жабдуулар жардам иретинде алып келинүүдө. Алгачкы жабдуу Оштогу ветеринардык, диагностикалык жана экспертиза борборуна жеткирилет. Борбордун имараты болсо бул күндөрү ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келе тургандай оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. 

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин, өлкөдөгү ветеринардык-санитардык талаптар күчөтүлдү. Анткени, республикадагы 28 лабараториянын баары эл аралык талапка жооп бербейт. Ушул себептүү, өкмөт тарабынан Бишкек жана Ош шаарларындагы лабораторияларды “референс лаборатория” деген макамга жеткирүү максатында мамлекеттик бюджеттен быйылкы жылга кошумча, 37 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилди.


Орусиядан келүүчү 138 миллион сомдук жабдуулар республикадагы эки ири лабораторияга жайгаштырылат. Акыркы үлгүдөгү заманбап жабдууларга азырынча биздин ветеринария тармагындагы адистердин билим деңгээли чабалдык кылат. Ушул себептүү, 18 ветеринар Россияга билимин жогорулатууга жиберилет, бул үчүн мамлекеттен 3 миллион сом каралган.

Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода аянтчасында талап баарына бирдей. Алсак, Россия, Казакстан, Белорусь мамлекеттериндеги лабораторияда кандай шарттар болсо, Кыргызстанда да ошондой шарттын болуусу кажет.
Аймактагы ветеринария тармагына тийиштүү баардык изилдөөлөрдү жүргүзө ала турган бул борбор - кезегенде түштүк чөлкөмдү гана эмес, коңшу Өзбекстандын да үч районун кабыл алганга жетишкен. Бирок,буга чейин, “өтө коркунучтуу” илдеттерди изилдөөдө шарт болгон эмес.

Адистердин айтымында, Союз учурундагы системага ылайыкташкан баардык лабораториялар оптималдаштырылат, же 28 лабораториянын 10у жоюлат. Ал эми, Талас, Ысык-Көл, Баткен облустарындагы лабораториялардын имараттары толугу менен жаңыланып, жаңы төрт лаборатория курулаары пландаштырылууда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118