Жаңылыктар
Кыргызстанда добуш берүү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда добуш берүү башталды

Кыргызстандын бардык аймактарындагы 2 483 добуш берүүчү жай ачылып, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды. 

Эртең менен саат 8де БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова коомдук биринчи канал аркылуу түз эфирде , өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатканын маалымдады. 

Шайлоого 59 партия катышууда. Жарышка чыккан саясий уюмдардын эң көбү Бишкекте — 25, эң азы Көк-Жаңгак шаарында — 3. Ал эми 420 айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет. Анын ичинен эң көп добуш алган 7 560 талапкерге мандат берилет. Референдумга 3 млн 606 миң 201, ал эми жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого 3 млн 318 миң 130 жаран катышууга укуктуу. Кээ бир жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу шайлоо дайындалган эмес. Ортодогу айырма ушуга байланыштуу.