Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндары жаштардын ат оюндарына болгон кызыгуусун ойготту
Спорт
Көчмөндөр оюндары жаштардын ат оюндарына болгон кызыгуусун ойготту

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштурулушу айылдагы жаштардын ат оюндарына болгон кызыгуусун ойготту. Анткени акыркы эки жылдан бери, айыл четинде улак тарткандардын катары арбып жатат. Өзгөчө жай айларында жайлоолордо аймак аралык көк бөрүчүлөрдүн таймашы тегеректе жашаган элдин бүйүрүн кызытып, ынтымакты бекемдөөдө. 

Көк бөрүгө дени карды таза, салмагы 30 кгдын тегерегин түзгөн жандык жарайт. Негизи ак түстө болгону жакшы. Анткени ал көрүүчүлөргө даана көрүнөт. Жашы 1 - 2 жылдык болсо жарай берет.



Токтогул менен Талас жергесинин малчылары илгертеден ушул Ала Белдин айланасында жайлашып, алакалары жакшы. Шерине кылып, алмак-салмак көк бөрү оюнун ат тезегин кургатпай уюштуруп турушат. Бүгүн да эки аймактын экиден тайпасы бата алууга аксакалдардын алдына келишти.

Ошентип оюн башталды. Жанатан жер чапчып, урунаарга тоо таппай турган аргымактар эр жигиттин колу улакка тийер менен ала качышат. Анысына жараша билек түрө киришкен айылдык жигиттер, кырчылдашкан кызыктуу оюн куруп жатты.
Эл бар жерде талаштуу маселе болбой койбойт. Бирок кеп ал талаш кантип чечилип жатканында. Көк бөрүнүн шылтоосу менен эки аймактын аксакалдары тигил же бул маселени сүйлөшө кетишет. Жаштар да бири бирин таанып билип калышты дешет аксакалдар.

Ал арада көк бөрү көргөнү келгендер тегеректей калып жаш балдардын күчүн сынаганга да үлгүрүштү. Ал эми көк майсанда өтүп жаткан көк бөрүдө Таластыктар биринчи орунду илип кетти. Шериненин бул жолку уюштуруучулары байгесин берип, козусун кошо өңөрттү. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118