Референдум өткөрүүгө 3 млн 600 миң 996 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 4 миң 966 бюллетень бар. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 1 миллион 45 миң 692 бюллетень каралса, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого 2 млн 260 миң 712 бюллетень даярдалды.
Жалпысынан жергиликтүү кеңешке жана референдумга шайлоого 6 млн 907 миң 400 бюллетень бар. "Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссиясына берилген бюллетендердин саны тизмеге киргизилген шайлоочулардын санынан ашпашы керек. Шайлоо бюллетени жогорку деңгээлде корголуп, ар бирине автоматтык түрдө добуш берүү үчүн атайын коргоочу боёк колдонулат.
Референдум өткөрүүгө көк бюллетень, ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн түссүз бюллетень колдонулат.