Бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен катар Кыргызстанда жаңы конституция боюнча референдум өтүп жатат. Эске салсак, Конституциялык Кеңешме 20-ноябрда түзүлгөн. Бекбосун Бөрүбашовдун төрагалыгы астында, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген баш мыйзамдын долбоорун карап чыгып, аны демилгечилерге өз сунуштары менен өткөрүп берген.
Март айында депутаттар “Конституция жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо жөнүндө ”мыйзам долбоорун кеңештин экинчи жана үчүнчү окууларында жактырышкан. Мыйзам долбоорунда 11-апрелде референдум өткөрүү каралган. Конституциянын жаңы долбоорундагы негизги айырмачылык - президенттик башкаруу формасына өтүү сунушталды.
Конституциянын долбоору Мамлекет башчысынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууну карайт. Ошондой эле депутаттардын санын 120дан 90го чейин кыскартуу сунушталууда.