Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш берүүдө , ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир участокто атайын дубалдык маалымат тактачалы бар болсо, анда Брайл шрифти менен маалыматтар жазылган.
Кире беришке атайын чакыруу кнопкалары коюлган. Ал аркылуу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жардамга келет. Мындай жагдай, мүмкүнчулүгү чектелген жарандардын укуктарын камсыздоо жана алардын коомдук саясий турмушуна катышуусун кеңейтүү үчүн түзүлгөн.