Ошто да ачылбай калган добушканалар болгон жок. Добуш берүү өз учурунда башталды. Ал арада, жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп добушкананын расмий ачылышын күтүп кезекке тургандар да болду. Шайлоого келгендердин дене табы өлчөнүп, колуна санитайзерден себилип киргизилүүдө. Добуш кагаздары эки башка үкөктөргө салынууда. Азырынча олуттуу техникалык мүчүлүштүктөр катталган жок.
Ар бир шайлоо түйүнүндө милиция кызматкерлери тартылган. Эске салсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга карата Ош шаарында 78, облуста 515 добушкана ачылды. Мунун үчөө жаңы кошулду. Добуш берүү жалпы 3 шаар, 81 аймактык кеңеште белгиленген. Бул үчүн Ош шаарында 151 миң, облус аймагындагы 732 миң шайлоочунун тизмеси илинди.