Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүдө үгүт маалынан бери Ички иштер министрлигине ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу 255 маалымат келип түшкөн. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 56, Ош шаарында 74, Чүйдө 67, Ысык-Көлдө 5, Нарында 6, Ош облусунда 24, Жалал-Абадда 15, Таласта 4 жана Баткен облусунда 4 арыз катталган.
Түшкөн арыздардын 44ү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министринин тергөө кызматы боюнча бөлүм башчысы Султан Макилов менен БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров маалымат берди. Кечээ 10-апрель үгүт бүткөн күнү эле 44 маалымат келип түшкөн. Азыркы тапта бардык шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти жана мыйзам бузууларды камсыздоо үчүн 11 миңден ашык милиция кызматкерлери иш алып барууда. Бул күнү 215 мыйзам бузуу боюнча документ түзүү пункту иштеп, анда 900дөн ашык милиция кызматкери нөөмөттө отурат. Бардык аймактар боюнча мыйзам бузуулар болсо, жарандар "1255" кыска ыкчам байланыш кызматына кайрылса болот.