Жаңылыктар
Шайлоо: мыйзам бузуу фактылары катталууда
Шайлоо 2023
Шайлоо: мыйзам бузуу фактылары катталууда

Добуш берүү башталган 3 сааттын аралыгында шайлоо мыйзамдарынын бузулганы боюнча 25 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады. 

Анын айтымында, даттануулардын 12си такталып, чара көрүлүп жатат. Калганы жакынкы мүнөттөрдө укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, чара көрүлөт. Шайназаров бүгүн эле эки чоң факты катталганын, алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.