Жаңылыктар
Мектептерде рекетчиликтин көбөйүшүнө мугалимдер себепкер
Билим
Мектептерде рекетчиликтин көбөйүшүнө мугалимдер себепкер

Мектептерде рекетчиликтин көбөйүшүнө көбүнчө мугалимдер өздөрү күнөөлүү. Бул тууралуу Бишкекте мектеп рекетчилигин токтотууга арналган тегерек отурумда айтылды. “Реформа жана жыйынтык үчүн”жарандык союзу орто билим берүү мекемелериндеги негизги көйгөй окуучулар арасындагы “рекетчилик” боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында көпчүлүк учурда мугалимдер мектептин аброюна шек келтирүүдөн коркуп, кичи кылмыштарды жаап-жашырып коёру белгилүү болгон. 

Ал эми психологдор окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун көбөйүү себебин кайра эле жетпеген турмуш менен байланыштырат. 

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118