Азыркы тапта №9012 шайлоо участкасына каттоодон өткөн 73 жарандын 16сы келип өз добуштарын беришти.
Алардын катарында жыйынга катышуу үчүн барган Кыргызстандык делегациянын курамындагы Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Түрк Кеңешинин төрагасынын орун басары Султан Раев бар. Тиешелүү санитардык нормаларды сактоо менен өтүп жаткан шайлоого байкоочулар да көз салууда.