Жаңылыктар
Россияда шайлоочулардын жалпы саны 38 миңден ашат
Шайлоо 2023
Россияда шайлоочулардын жалпы саны 38 миңден ашат

Россияда 15 шайлоо тилкеси эшигин ачты. Шайлоочулардын жалпы саны 38 миңден ашат. Алардын жарымынан көбү Москвада катталган.

Москвадагы шайлоочулардын саны 21 миңден ашат, ал эми жалпы Россия боюнча 38 миңден ашык.

Биринчилерден болуп №9005 шайлоо участкасында Элдар Исманов добуш берди. 

Шайлоо тилкесинин мүчөлөрү санитардык аралыкты сактоодо. Шайлоочулардын дене табы өлчөнүп, аларга бет кап жана кол каптар берилип жатат. 

Шайлоо процесси №9001, 9015, 9016 жана 9017 тилкелеринде да жүрүп жатат. 

Жалпысынан Россиянын 11 шаарында: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Красноярск, Владивосток, Сургут, Иркутск, Якутск, Түштүк-Сахалинск шаарларында референдум өтүп жатат.