Жаңылыктар
Кыргызстанда жашаган этникалык калктын көпчүлүгү жерди ижарага иштетет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жашаган этникалык калктын көпчүлүгү жерди ижарага иштетет

Кыргызстандын төрт бурчунда жашаган этникалык калктын көпчүлүгү жерди ижарага  иштетип  чарбачылык менен үй-бүлөсүн багышат. Бирок айрым учурларда  этникалык калк арасында жер талашуу же суу талашуу көйгөйүнөн улам чыр чатактар чыгып улуттук маселеге айланып кеткен учурлар кездешет. «Ошондуктан аны алдына алуу максатында атайын иштери жүргүзүп жатабыз” дейт этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик.

Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик бүгүн жарым жылдык иштин жыйынтыгын чыгарган коллегияда Чүй облусунун айыл өкмөт башчылары менен биргеликте айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын карашты. Ошондой эле элдин биримдигин жана этностор  аралык мамилелер бекемдөө концепциясын талкуулашып айрым  кемчиликтерди эске алышып, мындан дагы алгылыктуу иш алып баруу керек деген тыянакка келишти.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118