Жаңылыктар
Таласта шайлоого жана референдумга катышуу үчүн 159 миңден ашык адамдын саны такталган
Шайлоо 2023
Таласта шайлоого жана референдумга катышуу үчүн 159 миңден ашык адамдын саны такталган

Талас облусу боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш берүү өнөктүгүнө катышуу үчүн жалпы 159 миңден ашык адамдын саны такталган. Жергиликтүү кеңешке 544 депутаттык мандат болсо, 1195 талапкер ат салышып жатат. 

Облуста жалпы 117 шайлоо тилкеси добуш кабыл алуу үчүн иштеп баштады. Алардын катарында Талас шаарындагы номур 108 шайлоо тилкесинде да иш башталды. Мында шайлоочулардын алдын ала тизмеси такталган. Санитардык эреженин сакталышына кам көрүлгөн. Коомдук коопсуздукту облустук ички иштер башкармалыгынын кызмактерлери камсыздайт.