Жаңылыктар
Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды.  Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБ басма сөз кызматы билдирди. 

2021-жылдын 6-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамаларында Ысык-Ата районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу телефон чалуу болгон.

Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен дене жаракаттары менен эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Териштирүү учурунда ал 34 жаштагы Х.И. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.