Жаңылыктар
Салиев дүйнө жүзүн учак менен кыдырууну мерчемдөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Салиев дүйнө жүзүн учак менен кыдырууну мерчемдөөдө

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков учак менен жер жүзүн кыдырууну пландап жаткан мекендешибиз Союзбек Салиевди кабыл алды. Салиев - бул саякат Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналаарын жана ал Mooney Ovation 2 жалгыз моторлуу учакта ишке ашырылаарын маалымдады. 

Союзбек Салиев аба аркылуу 26 мамлекетти – Араб чөлдөрүн, Ариканск саванналарын, Бразилия джунглилерин, Амазонка дайрасын жана башка аймактарды басып өтүп, жалпысынан 47,6 миң километрди ашууну максаттап жатат. Сооронбай Жээнбеков Союзбек Салиевдин демилгесин өз өлкөсүнүн патриоту катары баалап, ага ийгилик каалады жана өкмот тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди. 

Жолугушуу жыйынтыгында Премьер-Салиевге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин тапшырды, учкуч аны дүйнө жүзү боюнча жасалчу саякатында жанында алып жүрмөкчү.