Жаңылыктар
Кылмышка тиешеси бар талапкерлер кармалды
Кылмыш
Кылмышка тиешеси бар талапкерлер кармалды

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер 3 адам мурда кылган кылмыштары үчүн кармалды. Бул тууралуу брифингде Башкы прокуратуранын өкүлү Артур Бит-Аврагим билдирди.

Анын маалыматы боюнча, кармалгандар Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүшкөн. Кылмыш иштери алдамчылыкка жана башка адамга тиешелүү болгон мүлктү өздөштүрүүгө байланыштуу. Жалпы эле прокуратура органдарына шайлоо мыйзамын бузуу тууралуу 32 кайрылуу келген.